Плакат (латынча placatum – күбөлүк) – көркөм графиканын кеңири тараган түрү, көркөм сүрөт искусствосунун эң массалык формаларынын бири. П-тын өзгөчө касиеттерине анын көчөлөрдө, коомдук жерлерде жана башка активдүү жана кеңири таасир берүүчү үгүттөө-түшүндүрүү максаттары менен багыттары кирет. Ушуга байланыштуу П. так формасы менен мазмуну кыска, салыштырмалуу түрдө өлчөмү­нүн чоңдугу (графикалык чыгармалар үчүн) менен айырмаланат. Плакаттын таасирдүүлүгү – анын тексти менен сүрөттөлүшүнүн органикалык биримдигинде. Графиканын ушул түрүнүн өзүнчө көркөм чыгармасы да П. деп (эреже катары, репродукция түрүндө) аталат. Адатта плакат офсет же литография техникасы менен басылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү