Басра
Басра, Бассора — Ирак Республикасынын түштүк-чыгышындагы шаар. Калкы 2,02 млн (2005). Шатт-эль-Араб дарыясындагы ири порт. Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть казып алуунун жана ажыратуунун борбору. Химия, текстиль өнөр жайы, университет иштейт. Басраны 637-38-ж. халиф Омар негиздеген. 8-9-кылымда Араб халифатынын маданий жана экономикалык борбору болгон. 1258-ж. монголдор тарабынан талкаланган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Ирактын карамагына өткөн. Эски Басранын урандылары сакталган.
![](http://178.128.105.246/cars-http-upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/90/%D9%85%D9%86%D8%B8%D8%B1_%D9%84%D9%84%D8%B9%D8%B4%D8%A7%D8%B1.jpg/220px-%D9%85%D9%86%D8%B8%D8%B1_%D9%84%D9%84%D8%B9%D8%B4%D8%A7%D8%B1.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4