Мазмунга өтүү

Адвекция

Википедия дан
15:36, 5 март 2024 карата Baydastann (талкуу | салымы) (Link suggestions feature: 2 links added.) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)

Адвекция (лат. аdvectio - жеткирүү) - 1) Метеорологияда - абанын горизонталдык багыт боюнча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык адвекция, жылуу же муздак адвекция, суу буусунун Адвекциясы жана башка деп ажыратылат. Адвекциянын таасиринен абарайы өзгөрөт. Мисалы, тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. 2) Геологияда - тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса адвекция жүрөт. Мисалы, туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1