Мазмунга өтүү

Помология

Википедия дан

Помология (лат. pomum - мөмө жана ...логия), сорт таануу - агрономиянын түрдүү райондун чарбаларында мыкты сортторду өстүрүү, жакшыртуу, туура пайдалануу максатында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун изилдөөчү тармагы.

Помологияы орус илимпозу жана жазуучусу А. Т. Болотов баштаган. Ал 18-кылымда Помология боюнча 8 томдуу алгачкы эмгек жазган. Россияда В. В. Пашкевич, М. В. Рытов, Л. П. Симиренко сыяктуу окумуштуулар да ири илимий иштерди жүргүзгөн. Помологиянын негизги маселелери - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун өстүрүлгөн району боюнча өндүрүштүк-биологииялык изилдөө.

Табигый жана агротехникалык шарттары боюнча суукка, ысыкка, шамалга чыдамдуулугу, сорттун түшүмдүү��үгү, илдетке туруктуулугу ж. б. аныкталат. Район боюнча изилдөөнүн негизинде ар бир жер үчүн ыңгайлуу сорттор сунуш кылынат. Помологиянын негизги маселелеринин бири- сортту класстоо. Көбүнчө экология-географиялык принцип боюнча класска бөлүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.