Мазмунга өтүү

Бензидин

Википедия дан

Бензидин (Н2N-C6H4-C6H4-NH2) — түссүз же саргыч түстөгү кристалл, молдук масса 184,23. 60°С төмөнкү температурада суу эритмелеринде суунун 1 молекуласын кошуп алуу менен кристалданат, кристаллогидратынын балкып эрүү 115-1200°С; ал эми суусуз кристаллынын балкып эрүү 127,5-128°С; кайноо 400°С/740 мм; эригичтиги (г/100 г): 0,04 (12 %), 1,0 (100°С), сууда (80°С), абс. эфирде 2,2 (15°С). Бензидин уксус жана суюлтулган туз к-тасында туздарды пайда кылуу менен эрийт. Мис., туз к-тасы монохлоргидратты С12Н12NНСI пайда кылат. Бензидин гидроазобензолго минералдык к-талар таасир этип, изомеризациялоо менен алынат. Б. диазотирлөөдөн пайда болгон бис-диазобирикмелерден азобоёктор алынат. Б. концерогендүү зат: абадагы концентрациясы 0,001 мг/лден ашпоосу зарыл.

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6