Мазмунга өтүү

Табу

Википедия дан

Табу – өз аты менен атоого тыюу салынган сөздөр, сөз айкаштары жана энчилүү аттар. Диний ишенимден улам келип чыккан. Мисалы, кыргыздар чечек оорусун – улуу тумоо, жапайы мончок, кызамыкты – кызыл гүл, ошондой эле салттык мааниде да адам аттарын мисалы, кичине бала, койчу бала деп тергешкен.

Байыркы Полинезияда, Гавай аралдарынан (гавайча kapu — айтылышы «капу») Жаңы Зеландияга чейин (табу) тыюуу салуу системасы жашоонун бардык чөйрөсүн камтып, башка өлкөл��рдө официалдуу дин, мыйзам, юридикалык мораль жана укук деп аталгандын бардыгын алмаштырып, регламентациянын жалгыз формасы болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]