Мазмунга өтүү

Коринф

Википедия дан
Коринф.
Коринф.

Коринф – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калктын жашагандыгы далилденген. Аны болжол менен б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф, Сиракузы, Керкира, Потидей сыяктуу ко��онияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер менен соода жүргүзгөн. Коринфтин коло жана карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия менен тирания бири-бирин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел менен Периандрдын учурунда (болжол менен б. з. ч. 657–585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес согушунун чыгышына Афины менен Коринфтин эрегишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-ж. Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер менен бирге Коринф согушун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-ж.) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекеттеринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-ж. римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-ж.) Коринф анын башкы шаарына айланган, бирок б. з. 395–521 -ж. готтор талкалап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан калыбына келтирилген. 1458-ж. осмон түрктөрү басып алган. 1858-ж. байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жылдан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы жана гректер менен римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрларынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]