Мазмунга өтүү

Мозамбик

Википедия дан

Мозамбик Республикасы
порт. República de Moçambique

Герб
Туу Герб
Гимн: «Pátria Amada (Сүйүктүү Мекеним)»
Эгемендүүлүк күнү 25-июнь 1975-жыл

Португалиядан)

Расмий тили португал тили
Борбор шаары Мапуту
Ири шаарлар Мапуту, Матола, Нампула, Бейра
Президент
Премьер-министр
Филипе Ньюси
Адриану Малеяни
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
35-орун - дүйнөдө
801,590 км²
2,2
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

34,173,805 адам (45-орун)
28,7 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2023)
  • Ар бир жанга

5.710 млрд $ (121-орун)
1.584 $ (187-орун)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

21,936 млрд $ (128-орун)
647 $
АДӨИ  0,461 (төмөн) (183-орун)
Акча бирдиги Метикал
Домени .mz
ISO коду MZ
ЭОК коду MOZ
Телефон коду +258
Убакыт аралыгы UTC +02:00

Мозамбик (порт. Moçambique), расмий аталышы — Мозамбик Республикасы (порт. República de MoçambiqueАфриканын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Танзания, түштүк-батышынан ТАР жана Свазиленд, батышынан Малави, Замбия жана Зимбабве менен чектешет, чыгышын Инди океанынын суулары чулгап турат.

Борбору жана ири шаары — Мапуту. Расмий мамлекеттик тили болуп португал тили саналат. Акча бирдиги — метикал.

Улуттар Шериктештигинин, Португал тилдүү мамлекеттер Шериктештигинин жана Африка, Кариб деңизи жана Тынч океан мамлекеттеринин уюмунун мүчө мамлекети.

«Мозамбик» топоними өлкөнүн азыркы аймагынын түндүк-чыгыш жээгиндеги аралды башкарган жергиликтүү султан Муса бен Бик атынан келип чыккан. 1498-жылы португалиялыктар аралга биринчилерден болуп келгенде, аралды султандын атынан аташкан. Кийин бул аталыш аралга, андан кийин ал бүткүл өлкөгө берилген[1].

Мозамбик даусу (кайык)
Лоуренсо Маркестеги (азыркы Мапуту) Борбордук проспектисинин көрүнүшү. 1905
Португал тилиндеги маалыматтарды чыгарган басмакана. 1930

Бантулардын миграциясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банту тилдеринде сүйлөгөн элдер Мозамбикке б. з. ч. IV кылымда көчүп келип отурукташа баштаган[2]. Бул калк б.з. I-IV кылымдарынын ортосунда батыштан жана түндүктөн миграция толкундары Замбези дарыясынын өрөөнүнөн, андан кийин Түштүк Африканын тоолу аймактары жана жээктеги аймактары аркылууу өткөн деп эсептелет[3]. Көчмөндөр мал чарбачылыгынын негизинде айыл чарба жамааттарын жана коомдорду түзүшкөн. Алар бул аймактарга темир эритүү жана темир куюу технологиясын алып келишкен[4].

«Суахили жээги»

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Араб-Суахили кул сатуучулары жана алардын туткундары Рувума дарыясынын жээгинде

Биздин замандын биринчи миң жылдыгынын аягында Инди океанынын кеңири соода тармактарынын түштүккү аймагы Мозамбикке чейин созулган[5].

IX кылымдан баштап Инди океанынын аймагында сооданын өсүшү Чыгыш Африканын жээгиндеги көптөгөн порт шаарларынын куруулушу азыркы Мозамбиктин өнүгүшүнө алып келген. Бул шаарлар негизинен автономдуу болгондуктан, суахили маданиятынын башталышына катышкан. Ислам динин көп шаарлардын белгилү адамдары кабыл алуусу соода-сатыктын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Мозамбиктеги Софала, Ангоче жана Мозамбик аралы XV кылымда аймактык державалар деп саналган[6].

Бул шаарлар Африканын ички аймагынан жана Инди океанынын кеңири аймагынан келген соодагерлер менен соода-сатык жүргүзүшкөн. Ал эми алтын жана пилдин сөөгүнөн жасалган товарларды ташуучу кербендер үчүн өзгөчө маанилүү болгон жолдордун бир бутагы дал ушул Мозамбиктин аймагы аркылуу өткөн. Зимбабве жана Мутапа сыяктуу ички мамлекеттер алтын менен пилдин сөөгүн Мозабикке ташып келип турушкан[7].

Португалия Мозамбиги (1498–1975)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түндүк Мозамбиктин мурдагы борбору жана өлкөнүн тарыхында манилүү болгон Мозамбик аралындагы курулуштар
Носса Балуарте айымынын капелласы
Сан-Себастьян чеби

Мозамбиктин түндүгүндөгү Накала жээгиндеги Моссурил булуңунун оозундагы кичинекей Мозамбик аталышындагы коралл аралын биринчи жолу европалыктар XV кылымдын аягында изилдеп башташкан.

1498-жылы португал изилдөөчүлөрү Мозамбикке биринчилерден келип отурукташа баштаган учурда, бул аймакта бир нече кылым бою отурукташып келишкен араб соодагерлери жашаган[8][9].

1500-жылдан тартып португал соода түйүндөрү жана чептери араб соода жана аскердик гегемониясын алмаштырып, чыгышка карай жаңы европалык деңиз жолунда портторго айланган[3][10] жана бул окуялар колонизация процессинин башталышынын алгачкы кадамдары болуп саналат[11][10].

1498-жылы Васко да Гаманын Илгери үмүт тумшугунун айланасындагы саякаты Португалиянын бул аймактагы соода-сатык, саясат жана жерлерге болгон кызыгын белгилеген. Португалдар Мозамбик аралын жана Софала порт шаарын XVI кылымдын башында басып алышкан.1530-жылдары алтын издеп жүргөн португал соодагерлеринин жана алтын кендерин чалгындаган чакан топтору Мозмбиктин ички аймактарын изилдешкен. Алар Замбезидеги Сена жана Тете шаарларында гарнизондорду жана соода түйүндөрүн түзүп, алтын соодасын толугу менен көзөмөлдөөгө аракет кылышкан[12].

Мозамбик аймагынын Борбордук бөлүгүндө португалдар празо (континенттин ресурстарын пайдалануу үчүн колонисттерге, отурукташуучуларга жана соодагерлерге ижарага берилген чоң мүлк) түзүү аркылуу соода жана отурукташуу позициясын мыйзамдаштырууга жана бекемдөөгө аракет кылышкан[12]. Бул жерлерди өздөштүрүү үчүн берилген гранттардын шартына ылайык, эмигранттар өз конуштарында гана жашоого жана иш алып барууга милдеттүү болушкан. Мозамбиктеги бийлик Португалиядан көчүп келген адамдардын колунда болгон, ал эми Португалиянын борбордук бийлиги Азиядагы жана Америкадагы Португалияга маанилүү деп эсептелген ээликтеринде гана болгон[13][12].

Мозамбиктеги кул сатуу европалыктар келген убактан мурун эле пайда болгон. Африкалык башкаруучулар жана уруу башчылар кулдарды, адегенде араб мусулман соодагерлерине, кийинчерээк португал жана башка европалык соодагерлерге, Жакынкы Чыгыш Азиянын шаарларына жана плантацияларына иштетүү үчүн сатып турушкан. Кулдарды саткан соодагерлерди согушуп жаткан жергиликтүү африкалык башкаруучулар туткунга түшкөндөрдүн арасынан алынган кулдар менен камсыз кылып турушкан. Кээ бир учурларда кулдардын арасынан тартылган адамдардан аскерлерлик топтор уюштурулуп, жергиликтүү башчылардын уруулар арасындагы согуштарында катышып турушкан[12].

Португалиянын таасири акырындык менен жайылып баратканына карабастан, Португалиянын борбордук бийлиги чектелүү болгон. Борбордук бийлик негизги чечимдерди кеңири автономияга ээ болгон чиновниктер менен биргеликте кабыл алышкан.

Португалиялыктар 1500-1700-жылдары Инди океанынын жээгиндеги сооданы көзөмөлдөгөн арабдарга кысым көрсүтүп, сооданын көп бөлүгүн тартып алышкан. 1698-жылы арабдар Португалиянын негизги соода базасы болгон Момбаса аралындагы (азыркы Кения) Форт Хесуста басып алышкандан кийин Португалиянын соода багытындагы абалы бир аз начарлаган. Соода-сатыктын бул аймакта начарлап кетишинин натыйжасында, Лиссабон Индия жана Ыраакы Чыгыш менен болгон кирешелүү соодага жана Бразилияны колонизациялоого көп көңүл бурууп баштаган[3].

Мазруи жана Оман арабдары Инди океанынын аймагындагы сооданын көп бөлүгүнө көзөмөл жүргүзүп турган жана португал соодагерлерин түштүккө чегинүүгө мажбур кылышкан. XIX кылымдын орто ченинде Португалияга көз каранды аймактарынын саны азайып кеткен. XIX кылымда башка европалык державалар, айрыкча Британия жана Франция Португалиянын Чыгыш Африка аймактарынын айланасындагы соода жана саясатка көбүрөөк аралашып, Португалиянын кирешесин азайткан[14].

XX кылымдын башында португалдар Мозамбиктин көпчүлүк бөлүгүн ири жеке компанияларга, мисалы, Мозамбик компаниясына, Замбезия компаниясына жана Ниасса компаниясына өткөрүп беришкен. Мозамбикте кулчулук мыйзамдуу түрдө жоюлганына карабастан, XIX кылымдын аягында чартердик компаниялар мажбурлап иштетүү саясатын киргизип, Жакынкы Британ колонияларынын жана Түштүк Африканын шахталарына жана плантацияларына арзан, көбүнчө мажбурлап иштетилген африкалык жумушчу күчүн колдонушкан[3].

Замбезия компаниясы, эң кирешелүү чартердик компания болгон жана бир нече чакан Португалиянын ээликтерин басып алган. Бул компания өзүнүн мүлкүн коргоо үчүн аскердик форпостторду түзгөн. Чартердик компаниялар товарларын рынокко жеткирүү үчүн жолдорду жана портторду курушкан, анын ичинде азыркы Зимбабве менен Мозамбиктин Бейра портун байланыштырган темир жолу курулган[15][16].

1929-жылы Ниасса компаниясынын иш-аракеттери токтогондон кийин, 1942-жылы Мозамбик компаниясы айыл чарба жана соода секторлорунда ишин уланткан. 1951-жылы Африкадагы Португалиянын колониялары Португалиянын чет өлкөлөрдөгү провинциялары деп аталган[17][16][15].

1960-жылдын 16-июнундагы Муэда кыргыны Маконде демонстранттарынын көбүнүн өлүмүнө алып келген, бул Мозамбиктин португал бийлигинен көз карандысыздык үчүн күрөшкө чыгуусунун башкы чекити болуп калган.

Мозамбиктеги эгемендик үчүн согуш (1964-1975)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Португалия аскерлери

Коммунисттик жана колонизацияга каршы идеологиялар Африкага тараган сайын, Мозамбиктин жарандары арасында көз карандысыздык алуу максатын көздөгөн көптөгөн жашыруун саясий кыймылдар түзүлгөн. Бул кыймылдардын эн негизги максаты жергиликтүү калктын саясий жашоодогу маанисин жогорулатуу, уруу мүчөлөрүнүн мамлекеттик суроолорду чүчүүдө интеграциялоо болуп саналган. Бул учурда жергиликтүү калк Мозамбикте болуп жаткан саясий кырдаал жана саясий чечимдер португал улуттундагы адамдардын пайдасына чечилген деп эсептешкен[18].

Расмий партизандык кыймылдардын билдирүүлөрүнө ылайык, боштондук кыймылы жергиликтүү калктын көпчүлүгүнө таасир эткен жана партизандык кыймылдардын мүчөлөрү мамлекет тарабынан каржыланган дискриминацияга жана социалдык чоң кысымга дуушар болушкан. Партизандык кыймылга жооп катары Португалиянын өкмөтү 1960-жылдардан баштап жана негизинен 1970-жылдардын башында жаңы социалдык-экономикалык өнүгүүлөр жана тең укуктуулук саясатын киргизип, акырындык менен расмий саясий чөйрөгө өзгөрүүлөрдү киргизген[19].

Мозамбикти бошотуу фронту (ФРЕЛИМО) 1964-жылдын сентябрь айында Португалиянын бийлигине каршы партизандык кампанияны баштаган. Бул куралдуу жаңжал башка португалиялык колониялар Ангола жана Португалиялык Гвинеяда башталган эки жаңжал менен бирге — Португалиянын колониялык согушу (1961-1974) деп аталган согуштун бир бөлүгү болуп калган. Аскердик тараптан Португалиянын регулярдуу армиясы калк жыш жайгашкан аймактарды жана шаарлардыкөзөмөлдөп турган, ал эми партизандык күчтөр түндүк жана батыштагы айыл жергелеринде жана урууларга таандык аймактарында таасирлүү болгон. ФРЕЛИМО кыймылынын талаптарына жооп катары Португалия Өкмөтү социалдык өнүгүү жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көбүрөөк көңүл буруга аргасыз болгон[20].

Көз карандысыздык (1975)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1975-жылдын 25-июнунда Португалиядагы Гвоздика революциясы деп аталган аскердик төңкөрүштөн кийин Мозамбик көз карандысыздыкка жетишкен. Көз карандысыздыкка макамына жетишкенден кийин, бир жылдын ичинде 250 000 португал улутундагылар Мозамбиктин аймагынан Өкмөт тарабынан чыгарылган.

ФРЕЛИМО партиясынын мүчөсү Армандо Гебузанын демилгеси менен португалдыктарга 24 сааттын ичинде 20 килограмм жүк менен өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берген мыйзам кабыл алынган. Жылдап Мозамбиктин байлыгын тоноп байыган португал улутундагылар баардык каражаттарын Мозамбикте калтырып Португалияга кетүүгө аргасыз болушкан[21].

Мозамбиктеги жарандык согуш (1977-1992)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мозамбиктеги минадан жабыркагандардын бири

ФРЕЛИМОНУН каршылаштары дагы көп болгон, алардын эң чоңу Мозамбиктин улуттук каршылыгы (РЕНАМО) болгон, ал өлкөнүн түндүк жана борбордук провинцияларында өкмөткө каршы партизандык күрөштү жүргүзүп, алгач Родезия, андан кийин Түштүк Африка Республикасы тарабынан колдоого алынган. РЕНАМОНУН биринчи лидери Андре Матсангаисса болгон.

1979-жылы Андре Матсангаисса согушта каза болгондон кийин, анын ордуна Афонсу Длакама келген. РЕНАМОНУН саясий стратегиясы 1983-жылга чейин Орландо Криштина, 1988-жылга чейин Эво Фернандеш тарабынан аныкталган.

1975-жылдагы геосаясий кырдаал. ФРЕЛИМОну колдоогон мамлекеттер ачык сары түстө көрсөтүлгөн

Жарандык согуштын башталышы деп 1977-жылдын 30-майында РЕНАМО тараптан биринчи кол салуу эсептелет. 1980-жылга чейин РЕНАМОНУН аскердик пункттары Түштүк Родезияда (азыркы Зимбабве) жайгашкан, жарандык согуштун кээ бир этаптарында Малавинин аймагы да колдонулган. Зимбабведе жергиликтүү бийлик орногондон кийин, бул өлкөнүн президенти Роберт Мугабе Мозамбик Өкмөтүнүн РЕНАМОГО каршы күрөшүн колдоп, бул кыймылдын аскерлерин аймагынан чыгарган.

ФРЕЛИМОГО аскердик жардамды Танзания, Зимбабве жана 1980-жылдардын аягында Малави мамлекеттери көрсөткөн. 1980-жылдардын экинчи жарымындагы көпчүлүк операцияларда Зимбабве армиясы негизги ролду ойногон. 1984-жылы Түштүк Африка Республикасы РЕНАМОНУ колдоодон расмий баш тарткан. 1986-жылы 19-октябрда Мозамбиктин президенти Самора Машел учак кырсыгынан каза болгон[22].

Машел каза болгондон кийин, өлкөнү Жоаким Чиссано жетектеген, ал коомдук жашоону либералдаштырууну жана оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул процессте ФРЕЛИМО тараптан көрүнүктүү орунду Мозамбиктин көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында SNASP репрессиялык кызматты жетектеген генерал Жасинту Велосо ойногон.

Аймактагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө жана Түштүк Африка Республикасынын жаңы бийликтеринин РЕНАМОНУ колдоодон баш тартуусуна байланыштуу, 1992-жылы акыркы тынчтык келишимине кол коюлуп, расмий түрдө жарандык согуш аяктаган. РЕНАМО саясий партияга айланган. Бирок, Мозамбиктеги саясий кырдаал мезгил-мезгили менен курчуп, куралдуу кагылышуулар дайыма болуп турат.

Демократиялык доор (1993-жылдан азыркы күнгө чейин)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2000-жылы Мозамбиктеги суу ташкыны учурунда Лимпопо дарыясынын үстүнөн учуп бара жаткан америкалык тик учак

1994-жылы көпчүлүк саясий партиялар тарабынан эркин жана адилет деп кабыл алынган Мозамбикте шайлоо өткөрүлгөн. ФРЕЛИМО Жоаким Чиссанонун жетекчилиги астында жеңишке жетишкен, ал эми Афонсо Дхлакаманын жетекчилиги астында РЕНАМО расмий оппозиция катары шайлоого катышкан[23][24].

2017-жылы Кабу-Делгаду провинциясында исламчыл террористтер активдешип, бир катар куралдуу кагылышууларга алып келген.

Эл аралык коомчулуктун экономикасындагы жетишкендиктерин белгилегенине карабастан, Мозамбик дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн бири бойдон калууда.

Спутниктиктен тартылган сүрөт

Мозамбиктин аянты 801,537 км2 түзүп, аянты жагынан дүйнөдөгү 35 орундагы мамлекет болуп саналат. Мозамбик Африканын түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан жана түштүгүнөн Эсватини, түштүк-батышынан Түштүк Африка Республикасы, батышынан Зимбабве, түндүк-батышынан Замбия жана Малави, түндүгүнөн Танзания мамлекеттери менен чектешип жана чыгышынан Инди океанынын суулары менен чулганып жатат. Мозамбик 10° түш. кеңдик менен 27° түш. кеңдиктеринин жана 30° чыгыш узундугу жана 41° чыгыш узундуктарынын ортосунда жайгашкан.

Өлкө Замбези дарыясы менен эки топографиялык аймакка бөлүнөт. Замбезинин түндүгүндөгү тар тилкелүү аймактардын рельефи дөбөлүү жана тайпак тоолуу келет. Батыштагы тоолуу аймактары: Ниасса тоолуу аймагы, Намули же Шир тоолуу аймагы, Ангония тоолуу аймагы, Тете тоолуу аймагы жана миомбо токойлору менен капталган Маконде тайпак тоосу. Замбезинин түштүгүндө айматкар ойдуңду келет, ал эми эң түштүккү аймагында Машоналэнд жана Лебомбо тоолору жайгашкан.

Өлкөдө беш негизги дарыя жана бир нече кичинекей дарыялар бар, алардын эң чоңу жана эң маанилүүсү Замбези дарыясы. Өлкөдө төрт белгилүү көлдөр бар: Ниасса көлү (же Малави), Чиута көлү, Кахора Басса жана Ширва көлү.

Негизги шаарлары болуп Мапуту, Бейра, Нампула, Тете, Квелимане, Чимоио, Пемба, Инхамбане, Шаи-Шаи жана Личинга шаарлары саналат.

Көппендин климаттык классификация боюнча Мозамбиктин картасы

Мозамбикте тропикалык климат эки мезгилге бөлүнөт: октябрдан мартка чейин жаанчыл мезгил, апрелден сентябрга чейин кургакчыл мезгил. Бирок климаттык шарттар бийиктикке жараша өзгөрөт. Жаан-чачындын көлөмү жээктерде көп, ал эми түндүк жана түштүк тарапта азыраак болот. Жылдык жаан-чачын аймакка жараша 500дөн 900 ммге чейин болуп өзгөрөт, орточо 590 ммге чейин жетет. Циклондор жаанчыл мезгилде көп кездешет. Мапутунун орточо температурасы июлда 13-24 °C, февралда 22-31 °C болот.

2019-жылы Мозамбик суу ташкынынан жана кыйратуучу Идай, Кеннез циклондорунан жабыркаган[25].

Малави, Мадагаскар жана Мозамбик өлкөлөрүн камтыган Түштүк Африка үчүн жүргүзгөн статистикалык мааламаттарга ылайык, суу ташкынынан миңдеген гектра эгин талаалары талкаланып, аймактагы 10 миллиондон ашуун адам жабыркаган. Бул өлкөлөрдө 2023-жылдын январь-март айларында климаттык кырсыктар болуп, айыл чарба, балык чарба жана миңдеген өсүмдүктөргө олуттуу терс таасирин тийгизген[26].

Флора жана фауна

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Көк гну

Мозамбикте 740 ашуун куштардын түрлөрү бар, анын ичинде 20 түрү жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөр. Ошондой эле Мозамбикте эндемик болуп саналган 200дөн ашуун сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрү байырлашат, алардын ичинен жоголуп кетүү коркунучу алдында Селус зебрасы, Винсенттин бадал тыйынчычканы жана башка 13 түрлөр бар.

Корголгон аймактарга он үч токой коругу, жети улуттук паркы, алты жаратылыш коругу, үч коргоого алынган аймагы жана үч жапайы жаратылыш коругу кирет. Өлкөдө 2019-жылдагы токой ландшафтынын бүтүндүгү индексинин орточо баллы 6.93/10 болуп, 172 өлкөнүн ичинен 62-орунду ээлеген[27].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мозамбиктин провинцияларынын картасы

Мозамбик 11 провинциядан турат. Провинциялары 128 районго бөлүнөт.

Картадагы № Провинциянын аталышы Административдик борбору Аянты, км² Калкы, адам (2017) Калкынын жыштыгы,

адам/км²

1 Кабу-Делгаду Пемба 82 625 2 320 261 28,08
2 Газа Шаи-Шаи 75 709 1 422 460 18,79
3 Иньямбане Иньямбане 68 615 1 488 676 21,7
4 Маника Шимойо 61 661 1 945 994 31,56
5 Мапуту Мапуту 602 1 088 449 1 808,05
6 Мапуту (провинция) Матола 25 756 1 968 906 76,44
7 Нампула Нампула 81 606 5 758 920 70,57
8 Ньяса Лишинга 129 056 1 810 794 14,03
9 Софала Бейра 68 018 2 259 248 33,22
10 Тете Тете 100 724 2 648 941 26,3
11 Замбезия Келимане 105 008 5 110 787 48,67
Жалпы 799 380 27 823 436 34,81

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Филипе Ньюси. Мозамбиктин президенти.

Конституциясына ылайык Мозамбиктин мамлекеттик башкаруу системасы — республика[28]. Мамлекет башчысы — эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент (катары менен экинчи мөөнөткө шайланышы мүмкүн)[28].

Бир палаталуу Республика Жыйыны деп аталган парламентинин курамы 250 калк тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган 250 депутаттан турат[28].

Ири партиялар (2019-жылдын октябрындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча):

  • ФРЕЛИМО — 184 депутат
  • РЕНАМО — 60 депутат
  • Демократиялык кыймыл — 6 депутат.

Куралдуу күчтөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы коргонуу бюджети 5,97 миллиард метикалды түзгөн.

Куралдуу күчтөрү төмөнкү түзүмдөрдү кирет:

  • Жөө аскерлер
  • Аба коргоо күчтөрү
  • Аскер-деңиз флоту

2024-жылга карата Мозамбиктин Куралдуу күчтөрүндө 11200 адам кызмат өтөгөн[29].

Калкы[30][31]
Жыл Саны (миң)
1950 5,959
1960 7,185
1970 9,023
1980 11,630
1990 12,987
2000 17,712
2010 23,532
2020 31,255
2023 32,514

Түндүк-Борбордук Замбезия жана Нампула провинцияларынын калкынын саны өлкөдөгү калктын 45% түзөт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө болжол менен саны төрт миллионго жеткен макуа улуту басымдуулук кылат. Сена жана шона (ндау жана маника) улуту Замбези дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан[3], тсонга жана шангаан улуттары Мозамбиктин түштүгүндө саны жагынан үстөмдүк кылышат.

Башка улуттук топторго маконде, яоа, суахили, тонга, чопи жана нгуни (анын ичинде зулу) улуттары кирет. Банту эли калктын 97,8% түзөт[3]. Мозамбикте саны 45000дей индиялыктар жашашат[32].

Португалиянын колониялык башкаруусу учурунда португал тектүү адамдардын көпчүлүгү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында туруктуу отурукташкан[33] жана көз карандысыздык алган учурунда португал маданияты жана улутуна тийешеси бар мозамбиктиктердин саны болжол менен 360 000ге жеткен[34]. Бирок алардын көбү 1975-жылы Мозамбик Португалиядан көз карандысыздык алгандан кийин өлкөдөн чыгып кетишкен[35].

Мозамбиктеги кытай улуттундагы адамдардын коомчулу бар жана алардын саны 2007-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык 7 000ден 12 000ге чейин жетет[36][37].

2011-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, жалпы төрөт көрсөткүчү бир аялга 5,9 бала, айыл жергесинде 6,6 бала, шаарларда 4,5 бала болгон[38].

Мапуту
Матола
Нампула
Бейра
Мозамбиктин ири шаарларынын калкынын саны[39]
Орду Аталышы Провинция Калкынын саны
1 Мапуту Мапуту 1,080,277
2 Матола Мапуту 1,032,197
3 Нампула Нампула 663,212
4 Бейра Софала 592,090
5 Чимойо Маника 363,336
6 Тете Тете 307,338
7 Келимане Замбезия 246,915
8 Личинга Ниасса 242,204
9 Мокуба Замбезия 240,000
10 Накала Нампула 225,034
11 Гурве Замбезия 210,000
12 Пемба Кабу-Делгаду 201,846
13 Шаи-шаи Газа 132,884
14 Машише Инхамбане 123,868
15 Ангоче Нампула 89,998
16 Иньямбане Иньямбане 82,119
17 Куамба Ниасса 79,013
18 Монтепуез Кабу-Делгаду 76,139
19 Дондо Софала 70,817
20 Мозамбик Нампула 65,712
Мозамбиктеги этникалык топтордун отурукташуусунун картасы

Португал тили, калктын 50,3% сүйлөгөн расмий жана кеңири колдонулган тил[40].

Тилдери

жана кача адамдын эне тили экендиги жөнүндөгү маалыматтар[40][41]

Макуа тили 5,813,083 26.13%
Португал тили 3,686,890 16.58%
Тсонга тили 1,919,217 8.63%
Чичева тили 1,790,831 8.05%
Сена тили 1,578,164 7.09%
Ломве тили 1,574,237 7.08%
Чувабу тили 1,050,696 4.72%
Тсва тили 836,644 3.76%
Ндау тили 836,038 3.76%
Мозамбиктин башка тилдери 2,633,088 11.84%
Башка чет тилдер 112,385 0.51%
Жок 4,173 0.02%
Белгисиз 407,927 1.83%
Жалпы 22,243,373 100.00%

Мындан тышкары Мапуту шаарынын 50% калкы португал тилин эне тили катары белгилейт[42].

Өлкөдө жашаган банту элдеринин тилдеринин топтору түрдүү жана коп убактарда сатистикалык маалыматтарга кирбей калат. Бул тилдердин топторунун расмий документтештерилген эрежелери жок.

Өлкөнүн түндүгүндө лингва француз тилинен тышкары суахили тили Танзаниянын чек арасына жакын жээктеги чакан аймактарга чейин колдонулат. Түштүгүндө суахили тилинин диалектиси катары эсептелген кимвани тили колдонула.

Мозамбик менен Свазиленддин чек араларынан алыс эмес жайгашкан аймактарда свази жана зулу тилдеринде сүйлөгөн чакан аймактар бар.

Арабдар, кытайлар жана индиялыктар негизинен португал жана айрым хинди тилдеринде сүйлөшөт. Португалиялык индиялыктар португал тилинен башка португал креол тилдеринин бирин экинчи тили катары колдонушат.

Мапутунун борборундагы мечит
Мапутудагу Ыйык Мариямдын собору

2007-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык христиандар Мозамбиктин калкынын 59,2%, мусулмандар 18,9%, 7,3% башка диний ишенимдерди (негизинен анимизмди) туткандар жана 13,9% динге ишенбегендер деп аныкталган[3][43]. 2015-жылы демографиялык жана саламаттык сактоо боюнча сурамжылоо программасы тарабынан жүргүзүлгөн өкмөттүк сурамжылоодо католиктер калктын 30,5%, мусулмандар 19,3%, ал эми ар кандай протестант агымын туткандар 44% деп такталган[44]. АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясынын 2018-жылдагы эсептөөлөрүнө ылайык, калктын 28% католиктер, 18% мусулман (негизинен сунниттер), 15% сионисттик христиандар, 12% протестанттар, 7% башка диний топтордун мүчөлөрү жана 18% динге ишенбегендер деп бааланган[45].

Католик чиркөөсү он эки епархиядан турат. Мозамбиктеги методисттердин иши 1890-жылы башталган. Эрвин Ричардс Иньямбане провинциясындагы Чикукеде методисттердин миссионердик иштерин баштаган. Мозамбиктеги Бириккен Методисттер чиркөөсү 1990-жылы Мозамбиктеги методисттердин 100 жылдыгын белгилеген. 1998-жылдан бери Мозамбиктеги Бириккен Методисттер чиркөөсүнүн саны үч эсеге көбөйдү. 24 райондун 180ден ашуун жыйналышында 150 000ден ашуун мүчөсү бар. Жыл сайын жаңы пасторлор дайындалып турат. Жыл сайын жылдык конференцияда жаңы чиркөөлөрдү уюштуруу чечимдери кабыл алынып турат[46].

Иса Машайактын акыркы күндөрдөгү ыйыктар атылышындагы чиркөөсүнүн саны өсүүдө. Ал биринчи жолу 1999-жылы Мозамбикке өзүнүн миссионерлерин жөнөтө баштаган жана 2015-жылдын апрелине карата маалыматтарга таянсак 7943тен ашуун мүчөсү бар[47].

Мусулмандар өлкөнүн түндүгүндө отурукташкан. Ошондой эле Пакистандын жана Индиянын жана шейиттеринин коомчулук бирикмелери бар.

Мапутудо санынын аздыга карабай диний иш-чараларга катышып жана уюштуруп келген жөөтөр коому бар[48].

Мозамбик – дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. Мозамбиктин экономикасы чет элдик финансынын жардамы менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 20,17 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 45,4%, өнөр жайдыкы 30,6%, айыл чарбаныкы 24. Боксит, таш көмүр, хром, титан ж. б. казылып алынат. 2007-ж 15,9 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тин «Кабора-Басса» ГЭСи өндүргөн. Алюминий (жылына 500 миң тонна), титан концентраттары, нефть продуктулары өндүрүлөт. Айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү, металлургия, цемент, текстиль, бут кийим, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары: пахта, кешью жаңгагы, бал камыш, цитрус жана кокос пальмасы, чай, сизаль ж. б. Негизги азыктары – кассава; жүгөрү, күрүч, картөшкө, жашылча-жемиш жана тропик жемиштери. Эчки, кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Ошондой эле балык уулоо жана деңиз продуктуларын даярдоо менен алектенет. Автомобиль жолунун узундугу 34,3 миң км (2008; анын ичинде асфальтталганы 6), темир жолунуку 4,8. Замбези дарыясында кеме жүрөт. Ири порттору: Мапуту, Бейра, Накала. Сыртка алюминий, электр энергиясын, айыл чарба продуктуларын, кант, креветка, жыгач, металл чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, ТАР, Кытай, Зимбабве.

Дата Майрамдын кыргызча аталышы Майрамдын жергиликтүү аталышы Кошумча маалыматтар
1-январь Бүткүл дүйнөлүк боордоштук күнү Universal fraternity day Жаңы жыл
3-февраль Мозамбик баатырларынын күнү Mozambican heroes day Эдуардо Мондландын урматына
7-апрель Мозамбик аялдарынын күнү Mozambican women day Жосина Машелге таазим этүү күнү
1-май Эл аралык жумушчулар күнү International workers day Эмгекчилер күнү
25-июнь Улуттук Эгемендүүлүк күнү National Independence day 1975-жылы Португалияда көз карандысыздык жарлыгы чыгарылган
7-сентябрь Жеңиш күнү Victory Day 1974-жылы кол коюлган Лусака келишимине таазим этүү күнү
25-сентябрь Улуттук боштондук куралдуу күчтөрүнүн күнү National Liberation Armed Forces Day Улуттук боштондук үчүн куралдуу күрөштүн башталышына таазим этүү күнү
4-октябрь Тынчтык жана элдешүү күнү Peace and Reconciliation 1992 жылы Римде кол коюлган жалпы тынчтык келишимине урматына
25-декабрь Үй-бүлө күнү Family Day Рождество

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Португал тили Мозамбиктин бардык мектептеринде негизги окуу тили болуп саналат. Бардык Мозамбиктиктер мыйзам боюнча башталгыч класстарда окууга милдеттүү, бирок, көптөгөн балдар башталгыч класстарга барбайт, анткени алар үй-бүлөлөрүнүн жашоо-тиричилиги үчүн чарбаларында иштеши керек. 2007-жылы бир миллион бала мектепке барбай калган, алардын көбү айыл жергесиндеги жакыр үй-бүлөлөрдөн, ал эми мугалимдердин дээрлик жарымы атайын кесипке ээ эмес. Кыздардын окууга кабыл алынышы 2002-жылы 3 миллиондон 2006-жылы 4,1 миллионго чейин өскөн, ал эми мектепти бүтүрүү көрсөткүчү 31000ден 90000ге чейин өскөн[49].

7-класстан кийин окуучулар 8-класстан 10-класска чейинки орто мектепке кирүү үчүн стандартташтырылган улуттук сынактарды тапшырышы керек[50]. Мозамбик университеттеринде орун өтө чектелүү, ошондуктан университетке чейинки мектепти аяктаган окуучулардын көпчүлүгү дароо университеттерге окууларга өтүшпөйт. Көптөрү атайын кесиби жок мугалим болуп иштешет же жумушсуз калышат.Айыл чарба, техникалык же педагогикалык багыттарга адистешкен кесиптик билим берүүчү институттар бар, аларга студенттер 10-класстан кийин кире алышат. 1975-жылы Португалиядан көз карандысыздыгын алгандан кийин, Португалиянын Өкмөтү менен Мозамбиктин Өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдер аркылуу Мозамбиктин бир катар окуучулары жыл сайын Португалиянын орто мектептерине, политехникалык институттарына жана университеттерине кабыл алынып турат.

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2016-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм
ВИЧке чалдыккандардын санынын өсүшү

Фертилдиктин деңгээли боюнча бир аялга 5,5 бала туура келет. Саламаттыкты сактоого болгон мамлекеттик чыгымдар 2004-жылы ИДӨ 2,7% түзгөн, ал эми саламаттыкты сактоого болгон жеке чыгымдар ошол эле жылы 1,3% түзгөн. 2004-жылы бир жарандын саламаттыгын сактоого болгон чыгымдар 42 АКШ долларын түзгөн.XXI кылымдын башында өлкөдө 100 000 кишиге 3 дарыгер туура келген. 2005-жылы ымыркайлардын өлүмү 1000 төрөттөн 100 жеткен[51]. 2010-жылы Мозамбикте төрөлгөн 100 000 балага энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 550 болгон. Бул көрсөткүч 2008-жылы 598,8 жана 1990-жылы 385 болгон. 5 жашка чейинкилердин өлүмү 1000 төрөлгөнгө 147ге, ал эми жаңы төрөлгөн балдардын өлүмү 5 жашка чейинкилердин өлүмүнүн пайыздык көрсөткүчү 29% барабар болгон. Мозамбикте 1000 тирүү төрөлгөн балага 3 төрөт айымы туура келет, ал эми кош бойлуу аялдардын өмүр бою өлүмгө дуушар болуу коркунучу 37ден 1ге барабар[52].

2011-жылы ВИЧтин расмий таралышы 15-49 жаштагы калктын арасындагылардын 11,5% түзгөн. Мозамбиктин түштүк бөлүктөрүндө Мапуту жана Газа провинцияларында, ошондой эле Мапуту шаарында расмий көрсөткүчтөр улуттук орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору. 2011-жылы саламаттык сактоо органдарынын эсеби боюнча, Мозамбиктин 1,7 миллиондой жарандары ВИЧке чалдыкканы аныкталган, алардын 600 000 антиретровирустук дарыланууга муктаж болгон. 2011-жылдын декабрына карата мындай дарылоодон 240 000 адам өтүп, 2014-жылдын март айында бул көрсөткүч 416 000ге жеткен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Географические названия мира: топонимический словарь
  2. The archaeological evidence for the appearance of pastoralism and farming in southern Africa
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 3.5 3.6 The Office of Website Management, Bureau of Public Affairs, manages this site as a portal for information from the U.S. State Department. Previous Editions of Mozambique Background Note
  4. Metallurgy in Tanzania
  5. Trade and society on the south-east African coast in the later first millennium AD: the case of Chibuene
  6. Hunt for Oil in Offshore Angoche, Mozambique
  7. Mozambique Island: The Rise and Decline of an East African Coastal City, 1500-1700
  8. Gupta, P. (2019). Portuguese Decolonization in the Indian Ocean World. History and Ethnography. London: Bloomsbury Academic
  9. Making the Chikunda: Military Slavery and Ethnicity in Southern Africa, 1750-1900
  10. 10.0 10.1 History of Mozambique. Mwenemutapas
  11. Mozambique Island: The Rise and Decline of an East African Coastal City, 1500-1700
  12. 12.0 12.1 12.2 12.3 Making the Chikunda: Military Slavery and Ethnicity in Southern Africa, 1750-1900
  13. Chikunda transfrontiersmen and transnational migrations in pre-colonial South Central Africa, ca 1850-1900
  14. African Economic Development and Colonial Legacies
  15. 15.0 15.1 The Third Portuguese Empire, 1825-1975: A Study in Economic Imperialism
  16. 16.0 16.1 The Cambridge History of Africa
  17. AGU Agência Geral do Ultramar. Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2009. Түп булактан архивделген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  18. Independence redux in postsocialist Mozambique
  19. Mantra88 : The Best Online Gaming Platform to Make Big Profits
  20. CD do Diário de Notícias
  21. Carnation revolution
  22. Special Investigation into the death of President Samora Machel
  23. Frelimo
  24. Mozambican Elections Thrown in Doubt
  25. Mozambique Cyclone Wiped Out the Nation’s Food. Now Aid Is in Short Supply
  26. Subregional Southern Africa – Climate hazards: Urgent call for assistance
  27. Anthropogenic modification of forests means only 40% of remaining forests have high ecosystem integrity – Supplementary Material
  28. 28.0 28.1 28.2 Мозамбик Республикасынын Конституциясы
  29. The Military Balance 2024
  30. World Population Prospects 2024
  31. CIA. The World Factbook. Mozambique
  32. Other Countries of Africa
  33. U.S. Bilateral Relations Fact Sheets. U.S. Relations With Mozambique
  34. Flight from Angola
  35. Portuguese Flee Mozambique and Tell of Persecution
  36. The History and Status Quo of Overseas Chinese in Mozambique
  37. China, Mozambique: old friends, new business
  38. Moçambique Inquérito Demográfico e de Saúde 2011
  39. City Population. Republic of Mozambique
  40. 40.0 40.1 Quadro 23. População de 5 anos e mais por idade, segundo área de residência, sexo e língua que fala com mais frequência em casa
  41. Censo 2017 Brochura dos Resultados Definitivos do IV RGPH - Nacional
  42. Language and spatiality in urban Mozambique: Ex-colonial language spread “from below”
  43. 3º Recenseamento Geral da População e Habitação
  44. Moçambique: Inquérito de Indicadores de Imunização, Malária e HIV/SIDA em Moçambique (IMASIDA), 2015
  45. MOZAMBIQUE 2018 INTERNATIONAL RELIGIOUS FREEDOM REPORT
  46. UMC in Mozambique
  47. LDS Statistics and Church Facts for Mozambique
  48. In Mozambique, A (Very) Small Jewish Community Thrives
  49. A young mother returns to school in Mozambique
  50. World Data on Education Données mondiales de l’éducation Datos Mundiales de Educación
  51. Human Development Report 2009 (Mozambique HDI Rank - 172)
  52. The State of the World's Midwifery. United Nations Population Fund

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]